Марал Радиосу

УКМК тамаша катары тартылган видеонун авторлору жоопко тартыларын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет социалдык тармактарда мамлекеттик бийлик органдарынын иши жөнүндө коомчулукту адаштырууга багытталган деструктивдүү аракеттер аныкталганын билдирди.

Тактап айтканда, Facebook социалдык тармагында кыргыз улутундагы жаштарды кара түстөгү атайын формачан адамдар агрессивдүү түрдө кармап жаткан видео тараган. Бул видео Кыргызстандын күч органдары тарабынан коомчулукка психологиялык басым көрсөтүү максатында кармоо катары көрсөтүлүүдө.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, тараган видео материал социалдык тармакта «Азаттык Кыргызстан» логотибин колдонуу менен фейк аккаунт аркылуу таратылганы аныкталды. Роликтин өзү Москва шаарында тамаша (пранк) катары тартылган.

2024-жылдын июль айында чогуу эс алуу үчүн Москва шаарындагы ижарага алынган үйлөрдүн биринде бир топ адам чогулушкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин үйгө Ыкчам аракеттенүүчү атайын отряддын мүчөлөрүнүн кийимин кийген адамдар кирип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн. Бул өз кезегинде блогер А.Адишеровдун социалдык тармактарда катталуучулардын санын көбөйтүү максатында уюштурган пранкы болуп чыкты.

УКМК бул аракетте Кыргызстандын укук коргоо органдарын жаманатты кылууга деструктивдүү элементтер бар экенин билдирүүдө. Учурда бул видеонун “авторлорун” кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Атайын кызмат жарандарды провокацияга алдырбоого жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.