Марал Радиосу

БУУнун Башкы ассамблеясы Израилди Палестинадан чыгып кетүүгө үндөдү

БУУнун Башкы ассамблеясы 18-сентябрда Израилди 12 ай ичинде оккупацияланган Палестинанын аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылган резолюцияны жактырды.

Резолюция 1967-жылдан берки Палестина аймактарын оккупациялоону “мыйзамсыз” деп тапкан Эл аралык соттун корутундусуна негизделген.

Израил бул резолюцияны аймактагы зордук-зомбулукту күчөтүшү мүмкүн деп четке какты. Документке 124 өлкө «макул» деп добуш берсе, 14ү каршы, 43ү калыс болгон. Атап айтканда, АКШ резолюцияда 2022-жылдын октябрында Израилге кол салган ХАМАСтын аракеттери айыпталбаганына нааразылыгын билдирген.

Бул арада Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө өлкө Израилди тааныбай турганын билдирди.

Өткөн жылы Сауд Арабиясы менен Израил мамилелерин жөнгө салууну талкуулашкан, бирок Газадагы азыркы жаңжал келишим түзүүгө кедергисин тийгизди.