Марал Радиосу

Бишкектеги Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

Бүгүн, 18-сентябрда саат 16:00дөн тарта Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо иштери аяктаганга чейин Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн эки тараптуу болот.

Учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын тобу кошумча жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Быйыл январь айынан тарта Гоголь көчөсү Жумабектен Москвага чейин (түндүктөн түштүккө карай) бири тараптуу болгон.