Марал Радиосу

УКМК «Аю Холдингдин» мурдагы жетекчиси кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен каржылык байланышта болгон деген шек менен «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды.

Ал Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталган.

Атайын кызмат кармалган адам менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алганын билдирди.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.