Марал Радиосу

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин эки бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, 18- сентябрда, Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисинин Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.