Марал Радиосу

Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери менен жолугушту

Бүгүн, 17-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлерине күбөлүктөрдү тапшырды.

Алардын арасында Таштемир Айтбаев, Феликс Кулов, Болот Жанузаков, Бусурманкул Табалдиев, Шухрат Атаханов, Турдубек Алмаматов, Мирослав Ниязов, Артур Медетбеков жана башкалар бар экенин атайын кызматтан кабарлашты.

Жолугушууда Камчыбек Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын — пенсионерлердин муктаждыктарын камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери акыркы 4 жылда өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, социалдык-экономикалык бакубаттуулукту жогорулатууну, улуттук коопсуздукту, укук тартибин, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жогору баалашканы айтылды.

Ардагерлер атайын кызматтын башчысын генерал-полковник аскердик наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, ар тараптуу колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошондой эле, УКМК башчысынын коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо маселелерин чечүүдө, укук коргоо органдарынын ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө жана коомдун бардык каалоолоруна аяр мамиле жасап, аткарган иштерин жогору баалашкан.