Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жыйын өттү

Жетишилген макулдашууга ылайык, 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору жолугушуу өткөрдү.

Ошондой эле топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.