Марал Радиосу

Мигранттардын үй-бүлөсүнүн Орусияга кирүүсү чектелеби? Министрликтин жообу

Ушул айдын башында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев убактылуу жумушка келген мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Анын айтымында, мигранттардын келүүсүнө чектөөлөр «мигранттардын үй-бүлөлөрүнө жана анклавдарга» тиешелүү болушу керек.

«Албетте, биз ал жерде жеке тенденцияларды жеңе албайбыз, бирок эмне кылса болот: эгер адам бизге сезондук жумуш үчүн келсе, анда эмне үчүн ал үй-бүлөсүн өзү менен кошо алып жүрөт?», – деп сурады Медведев.

Медведев буга чейин Орусияда жүргөн, орус тилин билбеген эмгек мигранттарынын балдарына окуу жайларга барууга тыюу салуу керектигин айтты.

«Биз акырындык менен орой түрүндө эмес, акырындык менен аларды тил үйрөнүүгө мажбурлашыбыз керек. 1-класска барган кээ бир класстарда окуучулардын төрттөн үч бөлүгү орус тилин билишпейт», — деди ал.

Орусиянын мурдагы өкмөт башчысынын бул пикири КМШ аймагында бир топ талкууланды. Ошондой эле бул эрежелер күчүнө кирсе, Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттарга таасири болобу?, — деген да суроо коюлууда. Бул суроого жооп алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылдык.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЕАЭБдин келишимдерине ылайык, Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн Орусиянын аймагында убактылуу болуу (жашоо) мөөнөтү иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин жарактуулук мөөнөтү менен аныкталарын билдирди.

Министрлик азыркы тапта Мамлекеттик Думага «Орусиядан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө» жана «Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» федералдык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканынан кабардар. Мындан улам бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, кыргызстандык мигранттарга залакасы тийбей турганын маалымдап, түшүндүрмө берди.

«Мыйзам долбоорунда Орусияга иштөөгө уруксаты же патент менен  Орусияга убактылуу келген чет өлкөлүк жарандын үй-бүлө мүчөсү катары кирүүнү жүзөгө ашырган чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Орусияга кирүүгө тыюу салуу сунуш кылынат», — деп айтылат маалыматта.

«Жогоруда айтылгандын негизинде, Орусиянын мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда, Орусияда расмий түрдө эмгек ишмердигин жүргүзгөн же жогорку квалификациялуу адистер болгон Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдонулбайт. Бул чектөөлөр Орусиянын аймагында визасыз тартипте жүргөн жана эмгек патенттеринин же иштөөгө уруксаттын негизинде иштеген мамлекеттердин жарандарына таасир этиши мүмкүн».

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин орус тилин билбеген эмгек мигранттарынын балдарына окуу жайларга барууга тыюу салуу тууралуу айткан сөзүнө да жооп берди.

«Белгилүү болгондой, орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп саналат жана улуттар аралык баарлашуунун тили катары колдонулат. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары Орусияда ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык жүрүшөт жана иштешет, башкача айтканда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары эмгек ишмердүүлүгүн ишке орношкон мамлекеттин жарандары сыяктуу эле шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырышат. Ушундан улам, жумушка орношууда орус тили, тарыхы жана мыйзамы боюнча экзамен тапшыруунун кажети жок, патенттерди жана жумушка орношууга уруксаттарды алуу талап кылынбайт».

Ошону менен бирге Кыргызстандын жарандарынын орус тилин билбегендигине байланыштуу балдарын Орусиянын билим берүү мекемелерине киргизүүдөн баш тартуу боюнча кайрылуулары Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинде катталбаганын да кошумчалаган.

Орусиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги Орусияга кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргызстандын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Ошондой эле зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары тийиштүү жардам же консультация алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы Элчиликтин төмөнкү телефондоруна кайрылса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.

Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн чет өлкөгө чыгууга ниеттенген Кыргызстандын жарандары өлкөдөн чыкканга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборуна (Бишкек ш. Токтогул көч. 237, сайт: migrant.kg) баруу сунушталат.

Ошону менен бирге Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин сайтында Кыргызстандын жарандары үчүн келген өлкө жөнүндө керектүү маалыматтар жайгаштырылган (https://mfa.gov.kg/ru/embassies/all).

Жакында Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттарга каршы бир катар мыйзам долбоорлоруна кол койду. Ага ылайык, эми милиция мигранттарды соттун чечими жок эле чыгара алат. Кол коюлган документте “депортация режими” тууралуу айтылат. Мурдагы мигранттар аскердик каттоого турбаса, орус жарандыгынан ажырай турган мыйзамга да кол коюлган.