Марал Радиосу

Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукту

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Казакстанга болгон иш сапардын алкагында Астанада Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Анда кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Президент Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги маанилүү өнөктөшүнүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалай турганын белгиледи. Кыргыз тарап Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө  көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү байкалаарлык өсүп жатканына токтолду.

Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин, бул багытта Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналарын айтты.

Канцлер Олаф Шольц Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин белгилеп, эң актуалдуу маселелердин бири – немис ишканаларын кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду.

Бүгүн Астанада экинчи жолу «Борбор Азия-Германия» саммити өтүүдө. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Германиянын канцлери катышып жатат.

«Борбор Азия-Германия» саммити биринчи жолу 2023-жылы Гераниянын борбору Берлинде өткөн.