Марал Радиосу

Депутат Абакиров интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Депутат Элдар Абакиров интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорунда талаштуу учурлар көп экенин айтты.

Ал долбоорду артка кайтарып, айып пулдун өлчөмүн азайтууну, чечим чыгаруу укугун сот органдарына берүүнү сунуштады.

«Мыйзам долбоорунда көп талаштуу сөздөр бар, мисалы, бүгүн жалган деп эсептелген сөз бир жылдан кийин чындык экени билинсе ким жооп берет буга? Элди аралап жүрсөңүз ар кандай шартта жашагандар бар. Ысык-Көлдүн Темировка айылында сел жүрүп, катуу апаат болду. Ошол жерде эл сыздап турат. Адам адам да, эмоциясы бар, жаман ниети жок болсо да жаман сөз сүйлөп жиберет, аны бирөө интернетке тартып чыгарып жиберет. Анан барып эле ага 100 миң сом айып сала берген туурабы? Сиз министрдин орун басары катары болбосо да жөн эле кыдырсаңыз ар кандай шартта жашагандар бар» , — деди депутат.

Элдар Абакиров мыйзам долбооруна кошуу үчүн бир катар сунуштарды берди. Айып салуу боюнча чечимди маданият министрлиги эмес, сот чыгарышы керек. Ал эми айып пулду 100 миң сомдон азайтуу керек.

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-сентябрдагы жыйынында Кылмыш-жаза кодексине жалаа жана мазактоо боюнча кошумча беренени караган мыйзам долбоорун карады.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору сунуштаган. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.