Марал Радиосу

Садыр Жапаров Астанага «Борбор Азия-Германия» саммитине катышуу үчүн барды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды. Ал бүгүн Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат.

Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.

Сапардын алкагында президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

«Борбор Азия-Германия» саммити биринчи жолу 2023-жылы Гераниянын борбору Берлинде өткөн.