Марал Радиосу

Ысык-Көлдө гидроцикл же скутер тебүүгө тыюу салуу сунушталды

Депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдүн аймагында гидроцикл, скутер тебүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору парламенттеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-сентябрдагы жыйынында талкууланды.

Депутат белгилегендей, акыркы мезгилде жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдө суу транспортунун катышуусунда кырсык көп катталып, өлүм менен аяктаган учурлар да болууда. Мындан тышкары, суу транспортунун түтүнү, майы сууга кеткендиктен экология бузулуп жатат.

Депутаттын айтымында, гидроцикл же скутер менен көбүнчө жергиликтүү эл эс алат, туристтер эс алуунун мындай түрүнө көп деле кызыкпайт.

«Гидроциклдер көлдүн экологиясына да терс таасирин тийгизип, күйүүчү майдын калдыктары сууга аралашып кеткен учурларды жокко чыгарууга болбойт, анткени көлдө реактивдүү лыжалар көпкө чейин калып, эс алуучулар үчүн кооптуу абал жаралууда. Келе жаткан туристтик сезондо кырсыктар болбойт деп кепилдик бере албайт», — деп түшүндүрдү Элдар Сулайманов.

Тыюуну бузгандыгы үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салуу сунушталууда. Бир нече жолу эреже бузуу айыптын өлчөмүн 15 миң жана 20 миң сомго чейин көбөйтүүгө алып келиши мүмкүн.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касеинов билдиргендей, Ысык-Көлдө 92 суу үстүндө жүргөн транспорт бар, алардын 41и катер, 51и скутер.

Талкуунун жыйынтыгында Ысык-Көлдүн аймагында гидроцикл, скутер тебүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламенттеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-сентябрдагы жыйынында биринчи окууда кабыл алынды.

Exit mobile version