Марал Радиосу

Улуттук университеттин ректору алмашты

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Төлөбек Абдырахманов ректорлук кызматтан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.

Төлөбек Абдырахманов КУУнун ректору болуп 2022-жылдын август айынын аягында дайындалган, ага чейин Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болгон.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматына Догдурбек Чонтоев дайындалды.

Ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу, кафедра башчысы, Табиятты колдонуу жана туризм институтунда директор, ошол эле жерде декан, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана туризм факультетинде декан, билим берүүнүн сапатын сактоо бөлүмүнүн башчысы болгон.

Негизги илимий эмгектери туризм географиясына арналган. 40тан ашуун илимий эмгектин, 3 окуу-методикалык куралдын жана 2 монографиянын автору экени айтылат.