Марал Радиосу

Инспекторду сөккөн мас айдоочу үч суткага камакка алынды

Бишкекте өткөн жуманын аягында мас абалындагы айдоочу электр мамысын сүзүп, аны токтоткон патрулдук милиция кызматкерлерин сөккөнү тууралуу видео тарады.

Иички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкармалыгы окуя 13-сентябрда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.

Наркология бөлүмүнүн корутундусу менен айдоочуга Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 193-беренеси (Мас абалында транспорт каражатын башкаруу) боюнча протокол түзүлүп, унаа айып жайга киргизилди.

Соттун чечими менен 46 жаштагы Б.А. аттуу айдоочу үч күнгө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында камакка алынды.