Марал Радиосу

УКМК кримтөбөл Досоновго байланышы бар жаранды кармады

Кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта болгон 54 жаштагы С.К.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жаран Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз тартып алганы аныкталган. Тактап айтканда, физикалык зомбулук көрсөтүү жана өмүрүнөн ажыратуу менен коркутуп, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан «Пахта заводун», Кашкар-Кыштак айылындагы «Трактордук гаражды», май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алган.

Кылмыштуу план боюнча С.К.А. завод-фабрикалардын өндүрүштүк муктаждыктарына жеңилдетилген кредит алуу шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, көрсөтүлгөн объектилерди өзүнүн наамына кайра каттатып койгон.

С.К.А. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана жылмакай ок атуучу курал, бычактар, ИИМдин кызматкеринин өздүк күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылып, алынды.

11-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында С.К.А. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.