Марал Радиосу

Президент ишембиликке катышты

Президент Садыр Жапаров администрациянын, мамлекет башчысынын иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте  «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү.

Ишембиликтин катышуучулары анын аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Садыр Жапаров кызматкерлери менен баарлашып, ар бир кыргызстандыкты тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.

«Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда, туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз. Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү болуп саналат. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек! Биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, биз балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.