Марал Радиосу

Ошто ишембиликке 8 миңге жакын адам катышты

Ош шаарында Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик өттү.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, тазалык акциясына шаардагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, ишембиликке жалпы 8 миңге жакын адам катышып, 368 гектар жер аянты тазаланып, 976 тонна таштанды чыгарылды.