Марал Радиосу

Президенттин басма сөз катчысы Орусиядагы кыргыз мигранттарын мекенине чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанда тигүүчүлөр жана куруучулар жетишсиз экенин фейсбук баракчасына жазып Орусиядагы кыргыз мигранттарын мекенине чакырды.

“Орусияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Ата Мекениңерге — Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам. Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи”-деп жазылат билдирүүдө.

Сурап билүү телефондору:

1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга); 0559189900 WhatsApp.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, соңку бир жарым жылда Орусияда кыргыз мигранттарынын саны 400 миңге азайган.