Марал Радиосу

Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбековдун кармалганы айтылууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди кармаганы кабарланды.
Маалыматка караганда, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.
Зилалиев менен Сатыбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду. Атайын кызмат бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Кармалгандар эмне боюнча айыпталып жатканы азырынча белгисиз.