Марал Радиосу

Министрлик быйыл кант кызылчасынын түшүмү жакшы болгонун билдирди

Быйыл кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетерин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

Жакшы түшүм жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети менен болгону айтылды.

Быйыл республика боюнча 13,5 миң га аянт кант кызылчасынан жалпы 900 миң тонна түшүм алынуусу күтүлүүдө. Мунун ичинен 110 миң тоннага чейин  кумшекер алынып, жалпы калкка керектөөлүүчү 120 миң тонна кумшекердин 92 пайызы камсыздалат.

Ал эми Орусия, Беларусия, Казакстандын базарларында кумшекердин баасынын төмөндөшүнөн улам Кыргызстанга коңшу мамлекеттерден кумшекерди импорттону токтотууга азырынча зарылчылыу жок деп айтылды.