Марал Радиосу

Сокулукта борбордук стадион жана спорт комплексинин курулушу башталды

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушу башталды.

13-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Кмачыбек стадиондун курулушун баштап берди.

Капсула салуу аземинде УКМК башчысы ал жерде футбол стадиону, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашарын белгиледи.

Ташиев Мамкурулуш агенттигине Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен бирге тийиштүү долбоорду даярдоону тапшырды.