Марал Радиосу

Бишкек мэриясынын балансында 1276 автобус бар

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын балансында учурда 1276 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын директору Талант Капаров «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мэрия президенттин тапшырмасы менен бюджеттен бөлүнгөн акчага 1120 автобус сатып алган. Дагы 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредитке алынган.

Муну менен Бишкек шаардык транспорттук-муниципалдык ишканасынын базасы 95 пайызга жаңыланды. Учурда 52 автобустук жана 3 троллейбустук каттам иштеп, күнүнө 700 миң жүргүнчүнү ташууда.

Аталган ишкананын карамагындагы 5 автобазада учурда 2 миң 600 айдоочу жана 600 административдик кызматкер эмгектенет.