Марал Радиосу

Путин: Эгер Батыш Киевге ракеталарын берсе, согуштун масштабы кеңейет

Орусиянын президенти Владимир Путин 12-сентябрда эгер Европа Украинага батышта жасалган, алыскы аралыкка учуучу ракеталар менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берсе, Батыш Орусия менен түздөн-түз согуша турганын айтты. Путин  бул кадам жаңжалдын масштабын кеңейте турганын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин союздаштарынан бир нече ай бою Украинага Батыштын ракеталарын, анын ичинде АКШнын алыскы аралыкка учуучу АТАКМС жана Британиянын  ракеталарын Орусиянын аймагына учурууга уруксат берүүнү суранып келет.

Путин мындай кадам Киевди алыскы аралыкка учуучу ракеталар менен камсыздаган өлкөлөрдү түздөн-түз согушка сүйрөйт, анткени ракеталарды башкаруу үчүн спутниктик маалыматтар жана ракеталардын траекториясын иш жүзүндө программалоо НАТО тарабынан ишке ашырылышы керек экенин айтып,  Киевдин өзүндө андай мүмкүнчүлүктөр жок экенин билдирди.

Путин эгер мындай чечим НАТОго мүчө өлкөлөр тарабынан кабыл алынса, Орусия чечүүчү чечимдерди кабыл алууга аргасыз боло турганын айтты.  2022-жылы 24-февралдан бери Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун кесепетинен миңдеген аскерлер жана жүздөгөн жайкын тургандар каза тапты.