Марал Радиосу

Финалдагы чыр. Кыргыз көкпарчыларынын калыска карата нараазычылыгы

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулду.

Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыкты. Кошумча берилген 10 мүнөттө казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, жеңишке жетти.

Оюндун биринчи бөлүгү аякташына 6 мүнөт калганда эсеп 3:1 болгондо, казак оюнчусу Улан Байтөреев Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Ушундан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, оюн 15 мүнөттөн кийин уланды.

Ал эми сыйлоо аземинде кыргызстандык оюнчулар сыйлоо аземинде күмүш медалдарын чечип, пьедесталдан түшүп кетти.

Социалдык тармактын колдонуучулары казак калысынын оюндагы иш аракетине нааразычылыгын билдирип жазышууда.

Оюндан кийин Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын вице-президенти Нурлан Максутов УТРК Спорт каналына берген маегинде казакстандык калыстар туура эмес чечим чыгарганын жана ар кандай кысым болгонун айткан.

«Көкпар оюнунун финалында калыстар курамына кыргыз калыстарын же башка мамлекеттин калыстарын киргизген жок. Баардык калысстар казактар болду. Бирок биз кечээ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандан башкы калыстын жанына Рамис мырзаны киргизген болчубуз. Ал көкпардын эрежесин толук окуп, сертификатын алган. Ал эми бүгүн болсо аны аянттан күч кызматкерлери чыгарып койду. Бул да болсо көп нерседен кабар берет. Беттештин биринчи бөлүгүндө биз алдыда баратканбыз, экинчи бөлүгүндө атаандаштар өз ара сүйлөшүп, оюн талаасындагы калыска кандайдыр бир тапшырма берилгендей болду. Биринчи бөлүктө биздин жигиттер жекеме-жекеде бир да улак алдырбаса, экинчи бөлүктө биздин балдарга бир да мүмкүнчүлүк бердирбей жатты. Калыс жекеме-жекеде, адилет чечим чыгарган жок. Бирок биздин жигиттер көкпардан жеңди деп ойлойм».

Ал эми көкпар боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров казак тараптан мындай аракеттер боло турганын күткөнүн, бирок мынчалык деңгээлде күтпөгөнүн айткан.

«Бизди калыстар келип ар кандай жаман сөздөр менен тилдеп жатты, милиция кызматкерлери келип бизге да, оюнчуларга да кысым көрсөтүштү. Мени Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери келип «Сен эмнеге элди бөлүп жатасың?»,-деп сүрөткө тартып, психологиялык басым жасады. Экинчи бөлүктө казак тарап таза карап берээрин айтып, ойноп бергилечи деп айткандыктан чыгып ойногон болчубуз. Казак тарапты мынчалык адилетсикдик кылаарын күткөн эмеспиз».

Көк-бөрү боюнча эксперт Рамис Кудайбергенов бүгүнкү оюнда Кыргызстандык улакчылар мыктылыгын көрсөткөнүн айтты.

«Биз бүгүнкү оюнда кыргызстандык улакчылардын мыктылыгын, аруулугун, тазалыгын көрдүк. Аны менен катар кыргызстандыктардын биримдигин, ынтымагын, колдоосун да сезип жаттык. Ооба, биз бүгүн ыпластыктын эң төмөн деңгээлин бардык жагынан көрдүк. Бирок карапайым казак элине рахматыбызды айтышыбыз керек. Анткени күйөрмандардын арасынан, милиция кызматкерлеринин арасынан «кыргыз эли мыкты экенсиңер», «силер чын эле көкпардан күчтүү экениңерди көрсөттүңөр», «биздикилер туура эмес кылды, жүзүңөргө карай албай жатам»,- деп айткандар болду. Мен эрежеге таянып, майдалангым келбей жатат. Анткени майдалана турган эч нерсе жок, баары айдан ачык көрүнүп турду. Биз актанбайбыз, келечек бизде экенин көрдүк. Ошол биздин эң чоң жеңишибиз болду» .

Казакстандагы Sport+ телеканалынын башкы редактору Айбек Кабылша социалдык тармакка казак көкпарчылары туура эмес иш кылды деген пост жазды. Бирок аны кийинчерээк аны өчүрүп салган.

Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркияны 15:1 эсебинде жеңген. Буга чейин Кыргызстандын курамасы Монголияны 16:0 эсебинде уткан.

Кыргызстан Монголия, Түркия жана Венгриянын командалары бир тайпада ойношту. Монголия менен Венгриянын курама командалары алгачкы беттеште утулуп калгандыктан оюндан четтетилген.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында беттештер олимпиада оюндарынын тартибинде өткөндүктөн жеңилген топ оюндан четтетилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл  8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан демилге көтөргөн.