Марал Радиосу

Бишкектин бир катар аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзөт.

Буг байланыштуу 17-сентябрда Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасында Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда саат 9:00дөн 19:00гө чейин суу өчөт.

«Бишкексууканал» ишканасы мекеме-уюмдар жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.