Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улак (көкпар) боюнча финалдык беттеште Кыргызстан Казакстандын улуттук курама командсына 4:5 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркияны 15:1 эсебинде жеңген. Буга чейин Кыргызстандын курамасы Монголияны 16:0 эсебинде уткан.
Кыргызстан Монголия, Түркия жана Венгриянын командалары бир тайпада ойношту. Монголия менен Венгриянын курама командалары алгачкы беттеште утулуп калгандыктан оюндан четтетилген.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында беттештер олимпиада оюндарынын тартибинде өткөндүктөн жеңилген топ оюндан четтетилет.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан демилге көтөргөн.