Марал Радиосу

Аба ырайы: Тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.