Марал Радиосу

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кара-Суу – унаажол» бекетинин иши жанданды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кара-Суу – унаажол» көзөмөл өткөрүү пунктун кайрадан ишке киргизүү аземине катышты.

Аталган бекеттин ишинин жандандырылышы президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чечкиндүү саясий кадамдарынын негизинде аткарылганы, мындан ары эки мамлекеттин жарандары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөөрү айтылды.

«Кара-Суу – унаажол» көзөмөл өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан. Бекет мындан 14 жыл мурда ишмердигин токтоткон. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.