Марал Радиосу

Депутаттардын биринин иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүүдө (сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүп жатканын жеринен кабарчыбыз билдирди.

Учурда депутаттын иш бөлмөсүндө атайын кызматтын бир нече кызматкери турат. Ошондой эле, бирөөнү укук коргоо органдары алып чыгып кеткен. Бирок анын ким экени ачыкталган жок. Азырынча эмне болуп жатканы тууралуу маалымат бериле элек.

Жалпыга маалымдоо каражаттары депутат өзү Өзбекстанга иш сапары менен кеткенин жазды.

Гүлкан Молдобекова Жогорку Кеңешке «Альянс» фракциясынан депутат болуп шайланган. Аталган фракцияда иш боюнча маалымат жоктугун билдирди.