Марал Радиосу

Чет өлкөгө жумушка орноштурган 11 агенттиктин иши токтотулду

Кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен алектенген 11 агенттиктин иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул агенттиктердин тизмеси Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий сайтында www.migrant.kg. жарыяланды.

Министрлик жарандарга кайрылып, ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат, алардын тизмеси жогорудагы сайтта жеткиликтүү.

Чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга туш болгон жарандар Борбордун ишеним телефонуна +996 559 189 900 (WhatsApp) чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышат.

Иши токтотулган агенттиктер — «Вайс Групп», «Селф виза», Fly Go, «Гоу Ту Германи», «Работа есть», «Койгельдиева Ж.Э.» «Европейская Сезонная Работа «Айя-София», «ИНТЭРНЭШНЛ ЛИГАЛ БРИДЖ», «Глобал Стади Сервис», «Лаки Джоб», «Адимаворк».

Бул агенттиктер жарандарды Литва, Финляндия, Орусия, Польша, Венгрия, Чехия, Германия, Түркия, Болгария, БАЭ, Катар өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу менен алектенип келген.