Марал Радиосу

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен инспектордун абалы жакшырууда

Ысык-Көлдө жол кыймылын жөнгө салуу учурунда унаа сүзүп кеткен инпектордун абалы орто оор экендигин, учурда палатага которулганын Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев «Маралга» билдирди.

«Элистан Арзыбековдун абалы орто оор, палатага которгонбуз. Учурда реабилитациялоо иштери жүрүп жатат, өз алдынча дем алып, тамак жеп калды. Бир жума же он күндүн ичинде ооруканадан чыгарабыз деп жатабыз. Улуттук госпиталдан чыккандан кийин Ички иштер министрлигинин поликлиникасында көзөмөлдө болот».

Кайгуул кызматкери Элистан Арзыбеков 15-августта Ысык-Көл облусунда жол тыгынын жөнгө салып жаткан учурда аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкери жана Ысык-Көлгө убактылуу которулган.

Аны 17-август күнү кечинде Бишкектеги республикалык ооруканага которулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жеринде кармалганын билдирген.