Марал Радиосу

34 тамгадан турган орток түрк алфавити кабыл алынды

9-11 сентябрда Бакуда Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) тарабынан түзүлгөн орток түрк алфавити боюнча комиссиянын үчүнчү жыйыны өттү. Бул жыйындын алкагында 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин долбоору жактырылды. Бул тууралуу TRT жазып чыкты.

Иш-чара Түрк академиясы жана Түрк тилдери институтунун кызматташтыгы менен, ТМУ мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Жыйындын негизги максаты — түрк тилдери үчүн бирдиктүү алфавитти даярдоо болду. Комиссия 1991-жылдагы баштапкы долбоорду заманбап муктаждыктарды эске алуу менен кайра карап чыкты.

«Көптөгөн аракеттердин натыйжасында 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавити жөнүндө сунуш макулдашылды. Ар бир тамга түрк тилдеринде бар болгон фонемаларды камтыйыт», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Түрк академиясы бул тарыхий маанидеги окуя деп белгиледи. «Жалпы түрк алфавитин иштеп чыгуу түрк элдери ортосунда өз ара түшүнүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет, ошол эле учурда алардын тилдик мурасын сактоого салым кошот», — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары түрк мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана комиссия мүчөлөрүнө долбоорду иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Эми бардык тиешелүү мекемелерди жаңы жалпы түрк алфавитин киргизүүгө активдүү колдоо көрсөтүүгө чакырышууда.

Бул долбоорду координациялаган Түрк академиясынын штаб-квартирасы Казакстандын борбору Астанада жайгашкан.