Марал Радиосу

Жерди менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча бир катар мамкызматкер кармалды

Нарын облусунун Жумгал районунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча бир катар мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү катары райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы жана орун басары, ошондой эле Нарын облусунун Жумгал районунун бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, жалпысынан сегиз адам кармалды.

Ага Жумгал районунун Чаек, Байзак айыл аймактарындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү болгон жалпы аянты 2,84 га, наркы 95 млн сомду түзгөн жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары себеп болгон.

Жасалмалоо жана расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 20 жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Алардын мындай аракеттери жергиликтүү калктын айрым бөлүгүндө нааразылыктардын пайда болушуна шарт түзгөн.

Учурда аталган кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.