Марал Радиосу

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин деканы эки суткага камакка алынды

Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылууга шек саналууда.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, деканы коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин тартибинде 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.

УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөр болбошу керектигин эскертип, жарандарды окуу жайлардагы коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.