Марал Радиосу

Аксыдагы окуучу кыздын жоолук маселеси. Райондук прокуратуранын жообу

Аксы райондук прокуратурасы окуучу кыздардын мектепте жоолук салынуусуна мугалимдер тарабынан чектөө болбошу керектигин билдирди.

3-сентябрда «Марал» радиосу жаңы окуу жылы башталаганда мектептерде кайрадан жоолук маселеси көтөрүлгөндүгү тууралуу «Кайрадан жоолук маселеси көтөрүлдү» аталышында макала жарыялаган. Анда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын жашоочусу мектепте окуучу кызына жоолук салынганы үчүн кысым болуп жатканын айтып, арызданганы баяндалган. Бул маселе боюнча Аксы райондук прокуратурасы «Маралга” маалымат берди.

3-сентябрда макала жарыялангандан кийин Аксы райондук ички иштер башкармалыгы окуяны маалыматтардын электрондук журналына каттап, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Кийин бул ишти Аксы райондук прокуратурасы караган. Аксы районунун прокурорунун милдетин аткаруучу Тынчтык Кенжебаев окуя боюнча маалымат берди:

«Өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы 572 токтому менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптары бекитилген. Анда мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектиги бекитилген. Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес.

Демек, жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектепте жоолук салынуусуна мугалимдер тарабынан чектөө болбошу керек.

Аталган окуя боюнча 10-сентябрда Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын наамына ченемдик укуктук актыларда жол берилген укук бузууларды, алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуштама келтирилген»,-дейт Тынчтык Кенжебаев.

«Мутакалим» мусулман аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы 3-сентябрда «Марал» радиосуна Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын жашоочусу мектепте окуучу кызына жоолук салынганы үчүн кысым болуп жатканын айтып, арыздангандыгын айткан.

Билим берүү жана илим министрлиги айрым мектептерде оромолдорду (хиджабды) чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.

Министрлик Конституцияга ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп эсептелерин белгилейт. Конституцияда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги белгиленген. Ар бир адамга дин тутуу эркиндиги кепилденген.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 39-беренесине ылайык, окуучулардын милдеттерине билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоо кирет.

Мектеп окуучуларынын жоолук маселеси жыл сайын көтөрүлүп келет. Мамлекеттик дин комиссиясы дин тутуу боюнча жаңы мыйзамдын долбоорун сунуштап, коомдук талкууга койду. Анда коомдук жайларда жүзүн жаап, никаб кийүүсүнө тыюу салынат.

Мектептеги жоолук маселеси кайра көтөрүлдү