Марал Радиосу

Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучуга унаа белек кылды

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун Парижде өткөн Олимпиададагы жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды.

Мамлекет башчы Акмаль Хасановдун бул кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элинин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Акмаль Хасанов баатырдык иш жасаганын айтты.

«Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары да ынтымагыңар бекем болсун» , — деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи.

«Өзбекстан спортко өзгөчө көңүл бөлөт. Биз акыркы үч жылда гана спортчуларыбызды активдүү колдой баштадык. Мурда мелдештерге катышуу үчүн каражатты өз убагында бере албай калган учурлар болгон. Учурда мамлекет витаминдерге чейин алып берип, бардык зарыл шарттарды түзүп жатат» , — деп белгиледи Жапаров.

Акмаль Хасанов Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берди.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровду жана бардык кыргызстандыктарды татыктуу жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын спортчулары кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп алышын каалады.

Париж Олимпиадасынын алкагында бокс боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттеште өзбекстандык атаандашы Абдумалик Халоковго 5:0 эсебинде жеңилип, күмүш медаль уткан.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында бокс боюнча финалдык баскычка чыккан алгачкы мушкер. Финалга чейинки беттештерде өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов Сейитбек уулуна секундант болгон. Анын мындай кадамы коомчулук арасында да жылуу кабыл алынган. Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Парижге барбай калган.