Марал Радиосу

Алматыда активисттер АЭСтин курулушуна каршы платформа түзүштү

Алматыда экологиялык активисттердин тобу «АЭС керек эмес» деген аталыштагы платформа түзгөнүн жарыялашты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Алар бул аянтча аркылуу АЭСке каршы чыккан казакстандыктардын аргументтерин коомчулукка жеткирүүгө, ошондой эле курулуштун кесепеттери тууралуу жарандарга маалымат берүүгө ниеттенишүүдө.

10-сентябрда өткөн маалымат жыйынында биолог Кайша Атаханова жана энергетика боюнча эксперт Асет Наурызбаев баш болгон активисттер АЭСтин курулушу экологиялык жана геосаясий тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн экенин баса белгилешти. Алар Казакстанда өлкөнүн керектөөлөрүн канааттандыра ала турган гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары бар экенин эске салышат.

Экологдор Балхаш көлүнүн жээгине атомдук электр станциясын куруу экосистемага орду толгус зыян алып келет деп тынчызданышууда.

«Референдум биздин пайдабызга чечилбесе да, Казакстанда атомдук электр станциясын курууну жактагандар узак жолду басып өтүшү керек жана бул жолдо биз атаандаштарды жеңебиз, анткени Балхаш көлүндө Чернобыль менен Фукусима окуясынын кайталанышын көтөрө албайбыз», — деди эколог Вадим Ни.

Атомдук электр станцияны курууга каршы чыккандардын айтымында, АЭСтин курулушу өлкөнү ири карызга батырып, экологияга жана калктын саламаттыгына коркунуч келтирип, Казакстанды башка өлкөдөн көз каранды кылып коюшу мүмкүн.

2-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон.

АЭС кайсы аймакта курулары тууралуу расмий маалымат чыга элек. Бирок болжолдуу жер катары Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылы аталып келет