Марал Радиосу

Эсеп 2:3. Өзбекстан курамасы алдыга чыкты

10-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюну өтүп жатат.

Учурда эсеп 2:3, оюндун экинчи бөлүгү уланууда, Өзбекстан курамасы алдыда.

Беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында болуп жатат.

9-сентябрда оюн алдындагы маалымат жыйында Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын атаандаштарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айткан.

«Биз атаандашты изилдеп көрдүк жана оюнда аларды таң калдыра турган көз ирмемдерди таптык. Эртең, күйөрмандарыбызды кубантабыз деген ишеничтемин.

Биз талаанын экинчи жарымында ойногубуз келет, бирок атаандаш муну да каалабай турганын унутпашыбыз керек. Биз ийгиликтүү боло турган варианттарды табышыбыз керек. Биздин тайпадагы кайсы бир атаандаш болбосун, ар бир оюнда мүмкүнчүлүгүбүз бар деп эсептейм» , — деди ал.

Беттешти ФИФА калысы Ахмад Аль Алинин жетекчилиги алдындагы Кувейттик арбитрлер тобу калыстык кылууда.

Бул беттеште VAR системасы колдонулууда.
Оюнга президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевда келген.