Марал Радиосу

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болду

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койду.

Азамат Юсупов буга чейин аталган комиссиянын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

8-сентябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров өзүнүн арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Тойгонбай Абдыкаров бул кызматка 2021-жылы 3-июнда дайындалган.