Марал Радиосу

Бишкекте 17 жаштагы скутер айдоочусу кырсыктан каза болду

Бүгүн, 10-сентябрда болжол менен саат 11:45 чамасында Howo жүк ташуучу автоунаасы Бишкектин Жайыл Баатыр көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө карай оңго бурулган кезде оң жактагы скутер менен кагышкан.

Окуя болгон жерде скутердин айдоочусу 17 жаштагы жигит каза болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.

Буга чейин, 3-сентябрда саат 21:15 чамасында Чүй проспектисинде эки жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатканда аларды скутер тээп бара жаткан 32 жаштагы Д.Т. аттуу адам сүзгөн. Катуу соккудан улам скутердин айдоочусу Hyundai Sonata унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы жөө жүргүнчү каза болуп, дагы бирөө Улуттук госпиталга жаткырылган.