Марал Радиосу

ДКО: Кыргызстан көкпар боюнча финалга чыкты

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан жер улак (көкпар) боюнча финалга чыкты.

Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркияны 15:1 эсебинде жеңди. Буга чейин Кыргызстандын курамасы Монголияны 16:0 эсебинде жеңген.

Кыргызстан Монголия, Түркия жана Венгриянын командалары бир тайпада ойношту. Монголия менен Венгриянын курама командалары алгачкы беттеште утулуп калгандыктан оюндан четтетилген.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында беттештер олимпиада оюндарынын тартибинде өткөндүктөн жеңилген топ оюндан четтетилет.

Финалдык беттеш 12-сентябрда болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл  8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан демилге көтөргөн.