Марал Радиосу

Статком Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 621 сомду түзгөнүн билдирди

2024-жылдын январь-июль айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Мындай маалыматты Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов айтты.

Айлык акынын көрсөткүчү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн.

Эмгек акы эң көп дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казуу, кесиптик жана илимий ишмердүүлүк, финансылык ишмердүүлүк жана камсыздандыруу чөйрөсүндө, ошондой эле транспортто жана жүктөрдү сактоо тармагында өскөнү байкалган.