Марал Радиосу

Автоунааларды бажылык тариздөө үчүн документ жасалмалоого шектүүлөр кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жарандардын жеке маалыматтарын колдонуу жана документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Т.Д. аттуу жаран автоунааларды бажылык тазалоону жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк жактарга Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында жарандардын документтерин жасалмалоо жана жеке маалыматтарын пайдалануу фактысы боюнча тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды.

Учурда УКМК иштин бардык жагдайларын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар-жоктугун аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.