Марал Радиосу

Футбол: Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстан ойнойт

Бүгүн, 10-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Өзбекстан менен ойнойт. Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө башталат.

Кечээ, 9-сентябрда оюн алдындагы маалымат жыйында Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын атаандаштарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айткан.

«Биз атаандашты изилдеп көрдүк жана оюнда аларды таң калдыра турган көз ирмемдерди таптык. Эртең, күйөрмандарыбызды кубантабыз деген ишеничтемин.

Биз талаанын экинчи жарымында ойногубуз келет, бирок атаандаш муну да каалабай турганын унутпашыбыз керек. Биз ийгиликтүү боло турган варианттарды табышыбыз керек. Биздин тайпадагы кайсы бир атаандаш болбосун, ар бир оюнда мүмкүнчүлүгүбүз бар деп эсептейм» , — деди ал.

Беттешти ФИФА калысы Ахмад Аль Алинин жетекчилиги алдындагы Кувейттик арбитрлер тобу калыстык кылат.

5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Футбол: Үч миңдей милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт