Марал Радиосу

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кабарлады.

Ушул күндөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын Астана шаарында өтүүдө. Анда мелдештердин экинчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы медалдардын саны боюнча 2-орунда.

Кыргызстандыктар жалпысынан 14 медаль жеңди: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло.

9-сентябрда көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер башталган. Көк бөрү боюнча мелдештерде алты команда: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Орусиянын курамалары катышууда.

Кыргызстандын курамасы көкпар боюнча мелдеште Монголияны 16:0 эсебинде жеңди. Көк бөрү боюнча Кыргызстан Өзбекстанды 12:6 эсеби менен жеңип алды.

Бүгүн АКШ курамасы Түркия менен, Өзбекстан курамасы Орусия менен кездешет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл  8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан тарабынан демилгеленген.