Марал Радиосу

«Бакырбаган балдар» бестселлер китеби кыргызчаланды

«Китепстан» басма үйү «Бакырбаган апалар» бестселлер китебинин автору Хатиже Күбра Тонгардын дагы бир маанилүү эмгеги «Бакырбаган балдар» аталышындагы китепти кыргызчага которду.

Бул тууралуу аталган басма үйдүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев кабарлады.

Китептен ата-энелер бакырчаак, долуланган (каприз) баласына байланыштуу маселелерге чечим таба алышат. Муну менен катар балдарды чоңойтууда  пайда болгон ар кандай учурларга жоопторду тапса болот. Мисалы, баланын табити жок болсо эмне кылыш керек? Өз алдынча даарат ушатууну кантип үйрөтөм? Телефондон кантип алыстатам? ж.б суроолорго жооптор айтылат.

Китеп бардык бала тарбиялоочуларга колдонмо катары сунушталат. Балдардын сезимдерин түшүнүүгө, аны жакындан таанууга көмөктөшөт.

«Бакырбаган балдар» китебинен төмөнкү суроолорго жооп таба аласыз:

Түрк жазуучусу Хатиже Күбра Тонгар «Бакырбаган апалар» китебинде эмне үчүн бакырарыбызды, ачуубузду кантип көзөмөлдөөнү, кайгы-капалыктарыбызды, таарынычыбызды отуруп сүйлөшүп, муздап калган энелигибизди жаңыдан жылытууну, балдар эмне үчүн терс кылык-жоруктарга барышынын себептерине токтолот.

Балага жаза берүү ишке жарабасы жана аларды тартипке салуунун ыкмалары берилет. Бул китеп бакырбаган апа болуу куру кыял эместигин жана кыйкырбастан бала тарбиялоо ыкмаларын сунуштайт.