Марал Радиосу

Кыргыз бийлиги «Талибан» менен кандай алака түзүшү керек?

Өткөн жуманын соңунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги үч жылдан бери Ооганстанды башкарып жаткан «Талибан» кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаргандыгын расмий билдирди.

Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугуп, мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарын талкуулаганы айтылды. 

Саясат талдоочулардын айтымында, Кыргызстандын «Талибан» кыймылын тероррчулардын тизмесинен чыгарышы эки өлкөнүн ортосундагы жаңы деңгээлдеги кызматташтыктан кабар берет.

Тышкы иштер министрлиги берген билдирүүдө «Талибан» кыймылын террордук уюмдар тизмесинен чыгаруу чечими аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталганы айтылат.

6-сентябрда министрлер Кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолуккан.

Анда тараптар Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарын талкуулап, пикир алышкан.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга, келечектүү долбоорлордун үстүндө жигердүү иштөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөр ичинен алгачкылардан болуп Казакстан «Талибанды» террордук уюмдардын катарынан чыгарган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев муну Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын жогорку кызматтагы бийлик өкүлдөрү азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Кыргызстан Талибан менен кандай алакада болуусу керек? Саясат талдоочулардын пикири

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстан Талибанды террордук уюмдардын катарынан чыгарганы туура эле кадам болду.

Ал Ооганстандын бийлигине «Талибан» кыймылы келгенден кийин Кыргызстан бир нече жолу гуманитардык жардамдарды алып барып, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алака-катыш болуп келгенин айтат.

«»Талибанды» террордук уюмдардын катарынан чыгарганы туура эле болду. «CASA-1000» Ооганстан аркылуу Пакистан андан ары Индияга жиберебиз деген пландар бар. Андан сырткары электр энергиясы жаатында да кызматташууга мүмкүнчүлүк чоң. Ошондой эле Өзбекстан өзү Ооганстанды көздөй темир жол курабыз деп жатат, ал аркылуу да соода жүгүртүүнү чыңдоого болот. Кыргызстан менен «Талибандын» ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселе жок».

Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу боюнча сүйлөшүлгөн. CASA-1000 долбоорун 2024-жылдын соңунда ишке киргизүү пландалган. Аны Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы каржылайт. Долбоордун суммасы 1,2 млрд доллар деп эсептелген. Кыргызстандагы аткаруучулар «Улуттук электр тармактары» жана «Электр станциялары» компаниялары болуп эсептелет.

Дагы бир саясат талдоочу Бакыт Жумагулов да Ооганстандын бийлигине талиптер келгенден кийин Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин айтты. Ал кыргыз өкмөтү «Талибан» кыймылын тероррдук уюмдардын катарынан чыгаруу менен  Ооганстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамленин жогорку деңгээлге чыгарууга болгон аракети катары баалайт.

«Мындан ары эки өлкө ортосундагы расмий жолугушуулар, тыгыз иш аракеттер башталат. Алгач ал жака элчи дайындоо менен кызматташтык уланат.

Борбор Азия өлкөлөрү анын ичинде Кыргызстан реэкспортко ыңгайлуу. Ошондуктан Ооганстан Кыргызстан менен энергетикалык ресурстарын киргизүүгө кызыктар болушу мүмкүн”.

«Талибан» кыймылы дээрлик 18 жылдан бери Кыргызстанда террордук уюмдардын катарында турган. 2006-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен терорристик уюм деп таап, өлкө аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салган.

Талдоочу Эмил Жороев «Талибан» кыймылын террористик уюмдардын катарынан чыгаруу менен автоматтык түрдө Ооганстандын бийлигин таануу дегенди түшүндүрбөйт, бирок ошого карай жасалган кадам деп сыпаттайт.

«Албетте, Кыргызстан чөлкөмдөгү жакын, кошуналаш башка өлкөлөр менен биргеликте конструктивдүү, биргелешкен диалогдун негизинде мамиле кылганыбыз туура деп ойлойм. Бир чети коопсуздук жагынан Ооганстан менен түздөн-түз чек арабыз жок болгону да маанилүү кырдаал десе болот. Коопсуздукту бекемдөө менен бирге, экономикалык багытта кызматташууга болот. Ошондой эле энергетика жаатында бир топ аракеттер айтылып келет, бирок ишке ашуусу кечигүүдө. Ушул сыяктуу маселелерде Кыргызстандын кызыкчылыгы бар».

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбек Кыргызстан Ооганстан менен алака кылууда кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин айтты. Анткени террористик, экстремисттик идеялардын жолу менен бийликке келген бийлик эртең кандай болору белгисиз экендигин кошумчалады.

«Бул маселени эки тараптуу кароо керек. Биринчиден, Ооганстан Кыргызстан менен чектешпесе да, бирок акыркы учурда Борбордук Азиядагы саясий  процесстерге таасири тийгизип келе жатат. Талиптер Ооганстанда Ислам динин жогору туткан, бирок фундаменталисттик Ислам динин жамынган тероррдук, экстремисттик идеялар менен башкарганга алып барып жатат. Бул коңшулаш өлкөлөргө кандай таасирин тийгизет деген да маселел турат. Ал арада коңшулаш Тажикстан, Өзбекстан менен чек арада чыр-чатак болуп, атышуу да болгон. Ал эми бизде Башкы прокуратура «Талибан» кыймылын тероррдук кыймыл эмес деп тааныды.  Бул кошуналарда бүдөмүк ой пайда кылышы мүмкүн. Себеби Кыргызстан, Тажикстан ЖККУга мүчө, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан ШКУга мүчө. ШКУнун уставында жазылган негизги талаптарынын бири терористтик, экстремисттик, сепаратисттик кыймылдарга, коркунучтарга каршы күрөшүү болуп эсептелет. Эгер Тажикстан же Өзбекстан менен Ооганстандын ортосунда кандайдыр бир жаңжал чыкса, аларга жардам берүүсү керек. Ушул сыяктуу будөмүк ойлор бар».

Эскерте кетсек, Ооганстандагы «Талибан» кыймылы өлкөдөгү бийликти 2021-жылы, 15-августта басып алып, убактылуу өкмөттү кураган.

Exit mobile version