Марал Радиосу

Ошто ысык шорпого күйүп чарчап калган наристенин өлүмү тууралуу маалымат берилди

Ошто дачалардын биринде ысык шорпого күйүп калган наристенин өлүмү тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бир жарым жаштагы наристе Ош облустар аралык ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүндө дарыланып жатканда 29-август күнү саат 18:10 чамасында чарчап калган. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү материалдар жыйналган. Наристенин ата-энеси 14-август күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Ноокат районун Өсөр айылында жашаган тууганынын үйүнө конокко барган.

Үй ээси конокторго ток печкеге шорпо асып койгон. Ошол  учурда, жаш бала өзүнөн чоң 3 жаштагы бир тууган эжеси менен кубалашып ойноп жатып, кайнап жаткан шорпого чалынып, денеси күйүп калган.

Аны Ноокат райондук оруканасына жеткиришкен, абалы оорлошкондуктан 16-август күнү Ош облустар аралык ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүнө которулган. Ал жерде дарыланып жатып, жарааты оор болгондуктан 29-августу күнү чарчап калган.

Наристенин ата-энеси эч кандай арыз доолору жок экендигин айтып, сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Азыркы учурда бул факты боюнча кошумча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.