Марал Радиосу

Кыргызстандык делегация Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган делегация Тажикстанга барды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, делегация тажик тараптын чакыруусу боюнча Тажикстандын Хужанд шаарында бул өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Мунун алыднда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризойдун жолугушуусу болду. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташуу маселелерин карашты.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.

Мындан тышкары, эки эл байыртадан бери ынтымакта жашап келгени белгиленип, Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы мындан ары да элдин көп кылымдык достугунун негизинде өнүгө берерине тилектештигин билдиришти.