Марал Радиосу

9-10-сентябрда тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.